Өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 8-августка карата аба ырайы

Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 28…33,

Талас облусунда 25…30,

Баткен облусунда 31…36,

Ош, Жалал-Абад облустарында 31…36,

Ысык-Көл 22…27,

Нарын 23…28.

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетип, абанын жогорку температурасы 29…31° жылуу болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан