Жалал-Абадда мамлекеттик нотариустун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, нотариус кызматкери кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында Орусиянын жаранынан 3 миң доллар талап кылган.
2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.