Венгрияда Кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 10-15-август күндөрү Будапешт шаарында өтөт. Кыргыз делегациясын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштап барат.
Ошондой эле маданий күндөрдүн алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун 30 жылдыгына арналып, венгер элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында уюштурулганы айтылды.