Майлуу-Суу лампа заводунан 275 миллион сомдук жер тилкеси алынып, мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан Майлуу-Суу электр лампа заводуна жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Жер тилкесин кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Мындан сырткары “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузууну четтетүү үчүн шаардык прокуратура тарабынын сунуштама келтирилип, жыйынтыгында 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жалпы 30 миң 460 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан