Эки эркек тарабынан зордукталды делген 17 жаштагы кыздын жакындары укук коргоо органдарына нааразычылыгын айтышууда. Алар SUPER.KG порталына экспертизанын жыйынтыгын ала албай жатышкандыгын билдиришти.
“Экспертизанын жыйынтыгын белгисиз себептерден улам бербей, кечиктирип жатышат. Шектүүлөрдү да камабай койду деп уктук. Айрым ЖМКларда биздин кызды айыптап, кылмышка шектүүлөрдү жактаган бир тараптуу маалыматтар тарап жатат. Күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кетпейби деп кооптонуп жатабыз”, - деп билдирди өзүн жабырлануучу кыздын эжесимин деп тааныштырган айым.
Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылат.
Ал эми аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБине кайрылганыбызда, окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынгандыгын жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.