Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен дарак кулап, 2 унааны басып калды. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу Назгүл Мамытова Фейсбук баракчасына жүктөдү.
"Учкун ААКнын унаа токтоочу жайында турган эки унаага чириген дарак кулап, талкалап кеткен", - деп жазган ал.
Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда, жеринде "Бишкек жашыл чарба" ишканасы кулап калган даракты алышканын билдирди.