"Таатан" соода борборундагы өрт толук өчтү

Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.
Маалыматка таянсак, өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан