Чүйдө катуу шамал 17 үй жана 2 сарайдын чатырын учурду (фото)

Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамал 17 үй жана 2 сарайдын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн районунда кечээ, 8-августта саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дарекке 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 кызматкери жана РЭТтен 3 бригада тартылган.

Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда. ӨКМнын кызматкерлеринин тактоосунун натыйжасында 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келген.

Ошондой эле бактар кулап электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан