Чикаго шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен АКШда жаңы консулдук ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулдугу ачылды. Башкы консулдук 8-августтан тарта толук кандуу иштей баштаган.

АКШда жашап жана иштеген Кыргыз жарандары бардык консулдук кызматтарды алууга башкы консулдукка кайрыла алышат (жарандык жана ички паспортторду жаңыртуу, нотариалдык иш-аракеттер, мекенине кайтуу күбөлүгүн жана башкалар).

Дареги: 100 N LaSalle Str., Chicago, IL, 60602, Suite 1610

Байланыш телефон номерлери: Башкы консулдук: 312 994 2416 Өзгөчө кырдаалдарда чалуучу телефон номери: 0312 929 3442

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан