"Кардарлардын коопсуздугуна коркунуч жараткан". Бостериде жасалма мотодельтаплан иштеткендер аныкталды

Ысык-Көлдө уруксатсыз мотодельтаплан иштеткен жаран аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бири нече күн мурда социалдык тармакта Бостери айылында жайгашкан “Тулпар” эс алуу жайынын көл жээгинде белгисиз адамдар жасалма мотодельтаплан менен эс алуучуларды көлдүн үстүнөн учуруп, алардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгын билдирген видео тараган.

Аталган маалыматты Ысык-Көл РИИБи каттоого алып, териштирүү иштерин Бостери айылдык милиция бөлүмүнө тапшырган.

“Териштирүү учурунда аталган жасалма мотодельтаплан Бостери айылынын 42 жаштагы тургуну А.У.га таандык экени аныкталды. Өзүнүн көрсөтмөсүндө 2022-жылдын июль айынын аяк ченинде И.Ч. аттуу таанышы менен Бишкек шаарынан Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында жайгашкан “Тулпар” жана “Толкун” эс алуу жайынын ортосундагы ачык көл жээгине алып келишип, кардарларды көлдүн үстүнөн акча төлөм менен учуруп жүрүшкөнүн айтып берген”,-деп айтылат маалыматта.

Аларда мотодельтапланды учурууга жана кардарларды ташууга уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Учурда "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренесине (Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык, чара көрүү үчүн тийиштүү иш кагаздары Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине жиберилгендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан