Ошто токтоп турган Daewoo Matiz унаасын айдап качууга шектүү кармалды

Бишкек шаарында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 22-июль күнү милицияга Ош шаарынын 2002-жылы туулган жараны арыз менен кайрылган. Арызында Ленин көчөсүнө токтотуп койгон унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бүгүн, 9-августта кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодекстин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, уурдалган унаа арыз ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан