Аламүдүн районунда мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-август күнү 37 жаштагы У.С аттуу жаран мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Аталган жарандын кийимдери Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.
Издөө иштеринин алкагында бүгүн саат 11:23тө Чу суусунун жээгинен аталган жарандын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.