Жалал-Абад облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 60 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугушууда билдирди.
"Жалал-Абад облусу боюнча 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республиканын бюджетинен 60 миллион сом бөлүндү. "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулары 100 миң сом грант алуу үчүн конкурска катыша алышат жана өз ишин ачканга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аларга жакырчылыктан чыгууга жардам берет", - деди министрдин орун басары.
Белгилесек, буга чейин Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 миллион сом бөлүнгөн.