Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош жолундагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө коюлган убактылуу чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинен маалымдашты.
Маалым болгондой, кечээ, 8-августта тоннелде оңдоо-түзөө иштери аяктады, автоунаалардын өтүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар жок.
"Жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Балким, өтүүгө кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу алдын ала кабарлайбыз", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Белгилей өтсөк, 29-июлда тоннелде унаалардын кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан