Бокс боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди.
Мушкер отурган учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:55те "Манас" аэропортуна конду. Аны жакындары, күйөрмандары тосуп алды. Биволдун түз эле Тамга айылына кетиши күтүлүүдө. Ал жактан мушкер машыгуу сборун өтөт.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.
Видео: Sputnik Kыргызстан