Ысык-Көлдө 9 жашар кызга карата ыплас аракеттерди кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Балыкчы ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын 9 жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30 чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, ага карата жыныстык катнашсыз ыплас аракеттерди көргөн жана аны өтүп бараткан адамдар байкап калганда, белгисиз тарапка качып кеткен.
9 жашар кызды мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда сураганда, кыз милиция кызматкерлерине аны токтоткон жигит болжол менен 25-30 жаштардагы толмоч киши болгондугун жана спирт ичимдиги жыттанганын айткан.
Балыкчы ШИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 9 жашар кызга карата ыплас аракеттерди кылганга шектүү жаран кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы Т.К. болуп чыкты.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.