Бишкектеги Е.Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Ишенимдүү булактар билдиргендей, ал бүгүн, 9-августта суракка чакырылган.
Эске салсак, буга чейин ата-энелер №61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылып митингге чыгышкан. Андан соң аларды билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кабыл алган.