Министр убадалаган компьютердик класстар үчүн эмеректер жеткириле баштады

Өлкө боюнча 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректер жеткириле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Саамалык Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында жүрүүдө.

1200 мектептин ар бирине - 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге – 21 стол, 21 стул жана процессор үчүн 21 тумба тапшырылууда”,- деп айтылат маалыматта.

5-августка чейин Ысык-Көл облусу боюнча 109 мектепке эмеректер жеткирилип бүттү. Учурда Чүй, Баткен, Нарын облустарына жана Бишкек шаарындагы мектептерге берилип жатат. Андан кийинки кезекте Ош, Жалал-Абад жана Талас облустары турат. Бардык мектептерге жеткирип берүү жумуштары октябрь айында бүткөрүлөт.

Мекемеден билдиргендей, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана 8 педагогикалык колледжге 24 168 даана компьютер, 7 208 даана проектор, 2 408 даана хаб, 1 208 даана көп функционалдуу жабдык (принтер+көчүрүү+сканер) жана UPS берилет.

Эске салсак, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин жарым жылдык отчётун берип жатып өлкө боюнча 1 200 мектеп 25 миң даана компьютер менен камсыздаларын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан