Ошто батирлерге уурулукка кирип жүргөн шектүү: "Ачкычтарды килемдин астына же ташка бастырып кетишчү"

Ош шаарында батирлерге уурулукка кирип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери О. уулу Т. аттуу жаранды кармашкан. Анын убактылуу жашаган үйүнөн жалпы 13 батирге таандык болгон, сатып үлгүрө элек буюмдар табылган.

"Шектүү О. уулу Т. 1990-жылы туулган. Туруктуу жашаган жери Алай району. Бирок Ош шаарына убактылуу келип-кетип жашап турган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү уурулук иштерин жуманын ишемби-жекшемби күндөрү, үй ээлери эс алууга же айылга жөнөп кеткенде жасаган.

Ал эми ачкычтарды ошол эле батирлердин айланасынан: жерге төшөлгөн килемченин алдынан, өрткө каршы атайын орнотулган жабдуулардын үстүнөн, ташка бастырылып коюлган жеринен алып, батирлерди ачып кирген.

Шектүү 6-августта кармалып, тергөө учурунда 2 айга камакка алынды", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан