“Көз жоосун алат”. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеоролик жарыяланды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын твиттердеги баракчасында оюнга арналган видеоролик жарыяланды.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

“Түрк дүйнөсүнүн маанилүү мурасы жана маданий байлыгы болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 102 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катыша турган мелдештерден тышкары көчмөн маданиятынын музыкасы, бийи жана адабияты сыяктуу маданий программалар орун алат”, - деп айтылат анда.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеоролик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан