"Кечир, иним". Ижарага унаа алуу үчүн 10 миң сом которгон адам абактагыларга алданды

Интернетте абактагы адамга алданган адамдын видеосу талкууга алынууда.

Анда ал атайын тиркеме аркылуу ижарага унаа алууну чечкен. Видеонун авторунан алгач ижаранын акчасы - 10 миң сом которгон соң унаанын ачкычы каякта экендигин айтабыз дешкен. Жетиштүү акча которгон соң ал адамга абактын камерасынын сүрөтүн жиберип "кечир, иним" деген кат жиберишкен.

"Интернет аркылуу ижарага унаа алып жаткандар, абайлагыла. Мен атайын тиркеме аркылуу ижарага унаа алайын деп келгем. Унаа берчү адам менен чалышканбыз. Ал "Азыр башка жактамын, унаа башка жакта, ачкычын катып койгонбуз, азыр сен мага 10 миң сом котор, андан соң ачкыч каякта экенин айтам" деген. Мен акчаны которуп, дүмүрчөктүн сүрөтүн жөнөтсөм ал мага "кечир, иним" деп абактын камерасынын сүрөтүн жөнөтүп койду", - деди видеонун автору.

Ошондой эле автор жарандарды интернет аркылуу унааны ижарага албоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан