Ноокенде 6 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалган жарандын кылмышы далилденди

Ноокен районунда 6 жашар кызды зордуктоого шектелип кармалган жарандын кылмышы далилденди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун 22 жаштагы С.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 26-майда саат 14:30 чамасында кайын эжесинин 6 жашар А.С. аттуу кызы мектептен денесинде көгөргөн жана кызарган жарааттары бар абалда ыйлап келгенин жана аны Акжол аттуу кошунасы зордуктаганын айткандыгын билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Ноокен районунун 1994-жылы туулган П.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган.

Анын жасаган кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденип, 2022-жылдын июнь айында соттун кароосуна жиберилгендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан