Чүй облусунун аймагында эки жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бүгүн, 10-августта Чүй айылынын Бурана көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде Volkswagen Passat жана Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаалар толугу менен күйүп кеткен. Жеринде тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөр тарабынан саат 9:55те чектөөгө алынып, саат 10:04тө толук өчүрүлгөн", - деп билдирди министрлик.
Өрттөн жабыркагандар жок.