Бишкекте шаар тургунунун алтын сөйкөсүн күч менен тартып алганга шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү милицияга М.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал физикалык күч колдонуу менен 13 миң сомдук алтын сөйкөсүн алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен Б аттуу чала таанышына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1998-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан