Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында бүгүн, 10-августта күрөш боюнча мелдештер башталды.
Бүгүнкү мелдеште килем үстүнө 5 кыргыз балбаны чыгат. Алар: Алмаз Сманбеков (57 кг);
Икромжон Хаджимурадов (65кг);
Адилет Жапаркулов (74 кг);
Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
Байсал Кубатов (97 кг).
Мындан тышкары стол тенниси боюнча курама команда командалык беттеште Ливанга каршы ойнойт. Ошондой эле Нурсултан Кеңешбеков менен Илья Тяпкин 10 миң метр аралыкта жарышка түшөт.