Кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акча алып жүргөн аял кармалды

Кадамжайда "Умра" кичи ажылык сапарына жөнөтүү үчүн элден акча алганга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБине акыркы бир ай аралыгында "Умра" кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.

Шектүү катары 9-августта Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып, кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20 адамдын ар биринен 75 миң сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кимдир бирөө акчасын берип алданып калган болсо, Кадамжай РИИБине кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан