“Алтын Казына” ресторанындагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген экинчи жаран кармалган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Зордукталды делген 17 жаштагы кыздын жакындары SUPER.KG порталына шектүүлөрдүн экөө тең камакка алынганын билдиришти.
“Окуя боюнча укук коргоо органдары тийиштүү болгон бардык зарыл чараларды көрүп жатышат. Кылмышка шектелген эки жаран тең убактылуу кармоочу жайга кармалгандыгын айтышты. Акыйкат чечим чыгат деп ишенебиз”, - деп билдирген.
Буга чейин Чүй ОИИББи шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга кармалганын билдирген. Ал эми экинчи шектүү кармалган-кармалбагандыгы тууралуу расмий маалыматта айтылган эмес. Маалыматты тактоо максатында Чүй облустук милициясына кайрадан байланышканыбызда экинчи шектүү камакка алынган деген маалыматты четке какты.
“Кармалган - деген сөз эки маанини туюнтуп калат. Биринчиси ким экендиги аныкталып, кармалган болсо, экинчиси убактылуу кармоочу жайга кармалган деген маани. Ким экендиги аныкталган, бирок убактылуу кармоочу жайга кармалган эмес. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша чара көрүлөт”,- деп билдирет басма сөз катчы.
Эске салсак, буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.
Акыркы убакта өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар байма-бай катталып келет. Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.