Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттолот. Келишимге кол коюлду

Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, келишим "Sojitz" соода компаниясынын катышуусу менен "Japan style" жана "Yamada Bee Company Group" компанияларынын ортосунда түзүлгөн.

Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.

Маалымат үчүн: ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу максатында 2021-жылы Японияга 25 миллион 390 миң сомго 43 тонна кыргыз балы экспорттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан