Чүйдүн Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскердик бөлүктөгү жоокердин катуу сабалышына байланыштуу кылмыш иши 8-августта токтотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
“Кармалган адам анча оор эмес кылмышка айыпталып жаткан. Мындан тышкары сот отурумунда жабырлануучу тарап кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешип алышканына жана материалдык чыгымы өндүрүлүп берилгенине байланыштуу токтотуу тууралуу өтүнүч келтирген. Ошондой эле айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан. Буга байланыштуу соттун чечими менен козголгон кылмыш иши токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган аскер бөлүктөгү мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан Бекзат Эсенбеков катуу сабалып 1-июнда ооруканага түшкөн. Сабалган жоокердин жакындары интернет аркылуу ички иштер министри Улан Ниязбековго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.
Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан бир аскер кызматкери кармалган.