“Алтын Казынада” иштеген кыз зордукталды делген окуя: Шектүүлөрдүн биринин атасы бул боюнча үн катты

“Алтын Казына” ресторанындагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жарандардын биринин атасы билдирүү жасады.

Кылмышка шектүү катары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жарандын атасы SUPER.KG порталына маек берди.

“Баламдын кылмыш жасаганы далилденсе жазасын моюну менен тартат. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин бир тараптуу айыптап, ар нерсени айтпай турууңуздарды өтүнөм. Ата-эне үчүн аябай оор болот экен”, - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан