Актёр, алып баруучу Ырысбай Жумаев сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Сүйүктүүмдүн аты Мээрим, Таластын кызы. Жакын мамиледе сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жыл болду. Киного тартылып жүрүп таанышканбыз. Ал тасмаларда экинчи режиссёр болуп эмгектенет. Буюрса, 12-октябрда баш кошобуз", - деди актёр.
Белгилей кетсек, актёр "Рецепт счастья", "Мекен" жана башка тасмаларда роль жараткан. Мындан тышкары телеканалдардын биринде алып баруучулук менен алектенет.