Жайылда ЗИЛ унаалары сүзүшүп, бир адам жаракат алды

Чүй облусунун Жайыл районунун Полтовка айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, кырсык бүгүн, 11-августта саат 16:10 чамаларында болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында Полтавка айылында күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатышып 2 ЗИЛ унаасы сүзүшүп калган. Натыйжада 1 жүргүнчү 1985-жылы туулган М.К. ар кандай жаракат менен Жайыл аймактык ооруканасына кайрылган", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан