
Буга чейин Орусиянын Екатеринбург шаарында
Н.А. аттуу Кыргыз жараны 7 жаштагы уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылганы
маалымдалган. Тышкы иштер министрлиги жогорудагы окуя боюнча билдирүү таратты.
"Кармалган А.Н. аттуу аял Кыргыз жараны экени аныкталды. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми бала учурда Екатеринбургдагы социалдык мекемеге жөнөтүлгөн.
Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда. Ошондой эле ага адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.
11-августта сотто келиндин бөгөт чарасы каралат.