Онкология жана гематология борборунун кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Улуттук онкология жана гематология борборунун кызматкерлери президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, блогер Улукбек Карыбек уулу дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратып жатат.

"Бир канча күндөн бери өзүн журналистмин деп элге тааныштырган Улукбек Карыбек уулу биздин Онкология жана гематология борборуна келип, дарыгерлердин жумушуна тоскоол болуп жатат. Андан тышкары туура эмес маалыматтарды чогултуп, чыгарууда. Ошондой эле биздин бейтаптардын дагы тынчын алып, сакайып кетишине жолтоо болуп жатат. Сиздерден биздин укугубузду коргоп, активисттин ишине укуктук баа берүүңүздөрдү суранабыз.

Ал бир гана Онкология борборунда эмес, жалпы дарылоо мекемелеринин баарынын ишине жолтоо болуп жатат", - деп айтылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан