
Бишкекте атышуу орун алып бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Ага ылайык, 7-августта милициянын "102" кызматына Каарманский көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.
Жерине Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө белгисиз үлгүдөгү тапанча, 1 даана патрон жана гильза табылган.
Алдын ала маалымат боюнча, октон жаракат алган 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.