"Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасынын урматына марка чыгарды

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы орусиялык UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго арналган атайын почта маркасын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз почтасынын төрагасы Марат Черикчиев Нурмагомедовго спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын атасы көптөгөн наамдуу спортчуларды тарбиялап өстүргөнүн, почта маркасынын чыгарылышы анын элесин түбөлүккө калтырарын билдирген.

Маалымат үчүн: Почта маркасы түзүлгөн учурдан тартып жүгүртүүгө чыгарылат жана дүйнөнүн бардык филателиялык каталогдоруна киргизилет.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 8-августта келип, түз эле Ысык-Көлгө барган. Ал эми 10-августта мушкер Бишкекте өткөн EFC'нин турниринде ардактуу конок болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан