Актриса Мээрим Касаболотова Алыкул Осмонов атындагы "Эстелик" медалына ээ болду. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
"Мен үчүн күтүлбөгөн жана эң сыймыктуу сыйлык болду. Кыргыз маданиятына, искусствосуна поэзия аркылуу кошкон салымым үчүн сыйландым. Негизи 12 жашымдан бери ыр жазам. Ортодо ырымды мугалимим окуп "ушундай да ыр болмок беле" дегенинде шагым сынып калган. Бирок кийинчерээк Шота Руставелинин чыгармаларынан шыктанып поэзия дүйнөсүнө аралаша баштадым", - деди актрисага байланышканыбызда.
Белгилей кетсек, Мээрим Касаболотова Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын актрисасы, "Апамдын махабаты" телесериалында Керез аттуу кыздын ролун аткаруу менен таанылган.