“Алтын Казына” ресторанындагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жарандын атасы уулу эч кандай зордуктоо болбогондугун айтканын билдирди.
“Баламды жумуш ордунан эле кармап кетишиптир. Кабарды уккандан кийин артынан барганымда кыска убакытка эле сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Ошондо “Эмне болду эле?” десем, балам “Эч кандай зордуктоо болгон эмес. Жумуштан кийин төртөөбүз (ред: 2 шектүү, жабырлануучу жана дагы 1 кыз) спирт ичимдигин ичип, көңүл ачып отурганбыз. Кыздар үйүнө барбай калган. Анан эртеси күнү эле ушундай ызы-чуу чыгып жатат”,- деп айтканга эле жетишти. Анан уулумду милиция кызматкерлери алып кетти”, - деди шектүүнүн атасы.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
Эске салсак, буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.