Түркиянын Конья шаарындагы Ислам тилектештиги оюндарында Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болду.
Ага ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмак ченинде кыргыз балбан кызы африкалык балбан менен кез келип 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
Белгилей өтсөк, Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында 3 алтын медаль бар.