Бишкекте унаа уурдап качкан жаран кармалды

Бишкекте унаа уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү милицияга Бишкек шаарынын тургуну, 62 жаштагы А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнө таандык Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде, көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында төрөлгөн 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ш. уулу Э. уурдалган унаа менен кармалган.

Кылмышка шектүү Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан