Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 13-август күнү ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы кол башчы - полковник Дамир Алыбаевди тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, полковник Дамир Алыбаев министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы болуп дайындалган.

Алыбаев Дамир Картанбаевич - 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

2008-жылы ИИМдин академиясын жана 2012-жылы Орусиянын Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.

Кызматтык ишин 2001-жылы ИИМдин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган жана 2019-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2019-жылдын июлунда ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчынын орун басары – штаб начальниги болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан