КРнын Спорт журналисттер федерациясынын мүчөсү, спорттук баяндамачы Кубан Атабеков чыгармачылыгынын 10 жылдыгына карата “Спорт-star” деген аталыштагы концерт уюштурат. Бул тууралуу Кубан мырза бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына кабарлады.
“Спорт чөйрөсүнө аралашканымдын 10 жылдыгына карата “Спорт-star” деген аталыштагы концерт уюштуруп жатам. Концертте ата мекендик атактуу спортчулар менен эстрада ырчылары дуэт ырдашат. Саамалыктан Каныбек Осмоналиев, Канатбек Бегалиев, Каныбек Сагынбаев, Ксения Палкина сыяктуу бир катар спортчуларды жана эстрада ырчыларын көрүүгө болот. Жалпысынан спорт дүйнөсүн терең ачып берип, буга чейин боло элек шоу тартуулайбыз”,- деди Кубан мырза концерти тууралуу.
Кошумчалай кетсек, концерт 16-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда саат 18:00дө болот. Концерттин алдынан атактуу спортчулар жана ырчылар кызыл килемден басып өтүшөт.