Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова алтын байге утту.
60 килограмм салмакта килемге чыккан Жоламан Шаршенбеков финалда азербайжандык Мурад Маммадовду жеңип алды.
77 килограмм салмакта Акжол Махмудов дагы финалга чыгып, анда ал дагы азербайжандык Санан Сулаймановду 5:2 эсебинде жеңди.
Ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда казакстандык Мээрим Бакбергенованы утту.
Ошондой эле Ислам тилектештиги оюндарына 67 килограмм салмакта катышкан Амантур Исмаилов күмүш байгеге ээ болду. Ал финалда азербайжандык Хасрат Афаровго жеңилип калды.