Ислам тилектештиги: Атабек Азисбеков коло медалга ээ болду

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Кыргызстан курама командасынын капитаны Атабек Азисбеков 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 87 килограмм салмак ченинде беттешип, финалдык беттеште азербайжандык балбанды 3:2 эсебинде жеңип, коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында 9-19-август аралыгында Ислам тилектештиги оюндары өтүүдө. Ага 56 өлкөдөн 4 миң 200 спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан