Бишкекте таштанды ташуучу унаанын айдоочусу үч унааны сүзүп алды.
Окуя бүгүн, 14-август күнү таңга жуук Юнусалиев көчөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, таштанды ташуучу унаанын айдоочусу уктап кетип, токтоп турган унааларды сүзүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, эч ким жабыркаган эмес.
Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда үч унаа тең айып короого токтотулган.