Эки жолку Олимпиада оюндарынын чемпиону, атактуу орусиялык балбан Роман Власов Акжол Махмудовдун Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында алтын медаль жеңгени боюнча пикирин жазды.
"Грек-рим күрөшүнүн жасалгасы. Ар бир күрөшүң өзгөчө көңүл бурууга татыктуу! Бар бол досум. Сен биздин спортту чындыгында укмуштуудай кылып жатасың", - деп жазды Власов.
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта катышып, алтын байге уткан. Ал финалда азербайжандык Санан Сулаймановду 5:2 эсебинде жеңген.