Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси менен келишимди узартууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, клуб "Алтын топтун" жети жолку жеңүүчүсүнүн оюнуна толук канааттанган. Жакын арада алар аргентиналык футболчу менен 2023-жылы бүтө турган келишимин узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат.
Буга чейин Месси "Барселона" клубуна кайра кайтып барышы мүмкүн экени айтылган.
Месси "Барселонадан" 2021-жылы жайында кеткен. Каталондук клубдун курамында ал 520 беттеш өткөрүп, 474 гол киргизип, 216 жолу голдук пас чыгарып берген. Команда менен футболчу 35 титулга ээ болгон, ошондой эле "Алтын топтун" жети жолку ээси болгон.