Унаасынын артына адамды колу-бутун чыгарып салып алган айдоочу "Ош базардан" кармалды

Бишкекте унаанын багажына киши салып айдаган айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз жаранды унаанын багажына салып айдап бараткан видео тараган. Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, аталган унааны "Ош базарынын" жанынан табышкан.

"Тактоо учурунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын 2001-жылы туулган К.А. аттуу айдоочусу унаанын багажындагы жаран агасы экенин жана мас абалында болгондугун, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен багажга түшкөнүн айткан. Алар "Ала-Арча" эс алуучу жайынан шаарга келе жатышкан", - деп айтылат маалыматта

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен жана айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн эки протокол толтурулуп, 8 500 сом айып салуу менен унаасы айып короо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан