Кечээ, 14-август күнү Түптө 1400 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 19:10 чамаларында Түп районунун, Жылуу-Булак айылынын Өмүр баатыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп кеткен.
Өрт өчүрүүчүлөр саат 20:00дө өрттү чектөөгө алып, саат 03:03тө толугу менен өчүрүшкөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн.