Кат аркылуу байланышкан Зардалы айылына интернет жетти. Тургундар сезимдери менен бөлүштү (фото, видео)

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылына интернет орнотулду. Бул тууралуу "Кыргыз интернет коому" уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашкан.

"Зардалыда "Кыргыз интернет коому" алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары бүт айылды, керек болсо кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле түрдүү кырдаалда райондук борбор менен түз байланышта боло алышат", - деп жазылат маалыматта.

Айыл тургундарынын белгилешинче, айылга интернет орнотулганга чейин алар күнүмдүк керектөөлөрүн алуу үчүн атайын кат аркылуу байланышып келишкен. Катты күн санап күткөн Майрам айым төмөнкүлөргө токтолду:

"Балдарыбызга кат жазып, анын эң ылдый жагына "каттын жообу келсин" деп жазып коёр элек. Алардан азык-түлүктүн келгенине эмес, каттын келгенине сүйүнөбүз. Эң биринчи издегенибиз эле кат, аны окуп алып кубанганыбызды айтпай эле коёюн. Эгерде катты кыска жазса аябай жиним келет, кийин өздөрү айылга келгенде узун кылып эле жазбайсыңарбы деп урушам", - деди ал.

"15 чакырым аралыктагы Кара-Белес деген жерге жөө, кээде ат менен барып, ошол жактан телефон менен байланышып жүрдүк. Азыр мектептин алдына келип эле балдарыбыз менен сүйлөшүп турганга өтө чоң мүмкүнчүлүк болду", - дейт Зардалы айылынын башчысы Сүйүнбай Кубаев.

Ал эми аталган уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич Зардалыда интернет жакшы ылдамдыкта иштеп жаткандыгын айтты.


"Бул долбоорду биз былтыр жайында жасап бүткөнбүз. Бирок ал туура эмес колдонуудан улам иштебей калган. Андыктан кайрадан интернетти орнотуу ушул жылга мерчемделген. Июль айынын аягында айылга барып, интернетке туташтырып келдик. Бир топ кыйынчылыктар болду, биз барган күнү Зардалыда жамгыр жаап, сел жүрүптүр. Жүктөрдү суу кечип аркы бетке өткөрдүк да, ошол тапта тайгаланып колумду да сындырып алдым. Бирок бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин айылга интернет орнотулду. Жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок, бул биз үчүн өтө маанилүү", - деди ал.

Зардалы Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Айылдын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок экенинен сырткары, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жолду жыл сайын бир нече ирет сел алат. Мындайда Зардалынын тургундары байланышсыз калат.

Эми тургундар мурункудай кат алышпай, телефон, интернет аркылуу кеңири байланыша алышат. Муну менен бардык ресурстарга жетүү мүмкүн болуп калды.

Зардалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан